Эки айдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Орусиянын жараны Леонид Маевскийди камоону сурап Башкы прокуратурага арыз берди. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” билдирди:
- Маевский 2010-жылы келип, Текебаев миллион доллар алганы жатат, айла жок бергенге мажбур болуп жатам деп (ошол кезде - ред.) милицияга кайрылган эмес. Ошондуктан акча бергени үчүн анын үстүнөн дагы иш козгоп, айыбын угузуш керек.
Башкы прокуратура бул арызга байланыштуу маалымат тарата элек.
"Ата Мекен" саясий партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотонов февраль айынын этегинде камакка алынышкан. Буга орусиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар берди деген көрсөтмөсү негиз болгон.
21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аталган эки саясатчынын камакта калуу мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий мүнөздө деп, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет. (КЕ)