Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Өзгөндө бир нече үйдү жер көчкү басып калды


Бүгүн эртең менен 7.20 чамасында Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү түшүп, жети үйдү басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда куткаруучулардан турган ыкчам топ кырсык болгон жерге чыгып кетти. Жер көчкү алдында калгандар болушу мүмкүн экенин куткаруучулар билдирүүдө. Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн метр кубду түзгөн.

Кырсык тууралуу такталган соң, кошумча маалымат берилет.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG