Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү Аюу айылында жер көчкү кесепетинен жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда жер көчкү жүргөн айылда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат. Ага 100 куткаруучу тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн эртең менен көчкөн жер көчкү айылдагы жети турак үйдү басып калган. Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабайт, ал эми калган жети үйдөгү болжол менен 24 адам көчкү астында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү баскан аймак жашоочуларына коопсуз жайга көчүү боюнча быйыл март айында эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG