Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Атамбаев биометрикалык паспорт берүү даярдыгы менен таанышты


Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги “Инфоком” мамлекеттик ишканасына барып, биометрикалык паспорт берүүгө даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президентке биометрикалык паспортторду даярдоонун автоматташтырылган комплексинин иши боюнча маалымат берилди.

Мамлекеттик Каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоевдин билдиришинче, жаңы система паспортторду даярдоо, кабыл алууну электрондук форматта жүргүзөт.

Президент биометрикалык паспортторду берүүдө ишти так жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда 1-майдан тарта жарандарга биометрикалык паспорт бериле баштайт.

Сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болот. Анда жаран тууралуу 19 маалымат камтылат. Ички паспорттогудай эле аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, паспорттун жарактуу мөөнөтү сыяктуу жалпы маалыматтар чыгарылат. Ал эми улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу калган маалыматтар паспорттогу чипке камтылат.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG