Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Иракта жардыруудан полициячылар мерт кетти


Ирак (архивдик сүрөт)
Ирак (архивдик сүрөт)

Иракта 28-апрелде жанкечтилер түшкөн унаа жарылып, төрт полиция кызматкери мерт болду. Жардыруу Багдаддын борбордук бөлүгүндө болгон. Бул райондо бир нече чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын кеңселери жайгашкан.

Ошондой эле Абу Навас көчөсүндөгү жардыруудан беш адам жараат алды.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алган. Ирак бийликтери террордук топ алсырап баратканы үчүн жанкечтилер аркылуу жардырууларды уюштуруп жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG