Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Өзбек президенти экинчи жолу Казакстанга келди


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жумушчу сапар менен бүгүн Казакстандын борбору Астанага келди. Сапар жүрүшүндө казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы алакаларды талкуулады.

Казак президентинин расмий сайты жазгандай, эки өлкө ортосундагы соода жүгүрүү көлөмү мурдагы жылдарга караганда көбөйгөн. Быйылкы жылдын үч айында 37 пайызга жогорулаган.

Бул өткөн жылдын декабрында шайланган өзбек президентинин Казакстанга экинчи сапары. Ал буга чейин Казакстанга мамлекеттик сапар менен 22-мартта келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG