Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусиянын бир нече шаарында нааразылык акциялары өтүүдө


29-апрель, 2017-жыл
29-апрель, 2017-жыл

Орусиянын бир катар шаарларында “Тажаттың” аттуу нааразылык акциясы өтүүдө. Акцияны оппозициялык “Ачык Орусия” кыймылы уюштурууда. Москвада активисттер Владимир Путинге 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышпоо талабы менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келүүнү көздөшүүдө. Бул имаратты жүздөгөн күч кызматкерлери күзөтүүдө.

Кемеровдо болсо “Тажаттың” аттуу акцияга чыккан 20га чукул адам кармалды. Аталган акциянын Ижевскте жана Горно-Алтайдагы уюштуруучулары кармалганы кабарланууда.

Оппозициячыл саясатчы Михаил Ходоровский түзгөн “Ачык Орусия” кыймылы аталган акцияны уюштурарын марттын аягында жарыялашкан. 26-апрелде Британияда каттоодон өткөн “Ачык Орусия” кыймылын орус бийлиги өлкөгө ыңгайсыз уюм деп тапкан. Мындан бир күн өтпөй кыймылдын Москвадагы кеңсесинде полиция тинтүү жүргүзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG