Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:09

Бүгүн Кыргызстан аза күтүүдө


29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган.

Өзгөндөгү 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка кечээ президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстандагы бардык органдардаргы жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдөгү мамлекеттик туулар түшүрүлүп, бардык оюн-зоок программалар токтотулду.

Адам өмүрүн алган табигый кырсыкка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Орусиянын, Казакстандын президенттери көңүл айтуу телеграммаларын жөнөткөнү кабарланды.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар. Учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.(BkA/YI)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG