Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Түркияда Wikipedia онлайн-энциклопедиясына тыюу салынды


Түрк бийлиги Wikipedia онлайн-энциклопедиясына тыюу салды. Түркиянын маалымат каражаттарынын жазышынча, өлкөнүн транспорт, деңиз иштери жана коммуникация министрлиги аталган онлай-ресурсту “Түркияны каралоо боюнча жүргүзүлгөн маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү” болуп калды деп атаган.

Министрлик сайтта Түркияны ар кыл террордук топторго байланышы бар деген жалган макалалар жана комментарийлер бар экенин жүйө келтирүүдө.

Анкара Wikipedia администрациясы аталган макалаларды өчүрүүгө макул болсо, тыюу алынарын билдирүүдө.

Бирок онлайн-энциклопедиянын администрациясы мындай талапты аткарбай турганын маалымдаган.

Түркияда былтыр 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен соң чукул кырдаал режими киргизилген эле. Бул окуядан соң өлкөдө 40 миңге жакын адам камалып, 120 миңдейи кызматтан бошотулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG