29-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында болгон көчкүдөн жабыркаган жети адам райондук ооруканада дарыланууда. Алардын баары каза тапкан 24 адамдын жакындары экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Беш адамга невроз, бирөөнө инсульт диагнозу коюлуп, реанимация бөлүмүндө жатат.
29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын тогузу балдар.
Бул кырсыкка байланыштуу бүгүн Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланды. (BCh)