Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:03

Вашингтон жана бир катар шаарларда миңдеген адамдар Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын глобалдык жылуулук боюнча саясатына каршы акция өткөрдү.

Акция Трамптын президенттикке киришкенине 100 күн болгонуна утурлай уюштурулган.

Акцияга чыккандар Трамптын климатты өзгөрүшүнө каршы күрөш боюнча мурунку президент Барак Обаманын планын жокко чыгарганына нааразылыгын билдирүүдө.

Ошондой эле бир катар америкалыктар Ак үйдүн дүйнөнүн 190 өлкөсү кол койгон климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишиминен чыгуу ниетине каршы болушууда.

Reuters агенттигинин жазышынча, Вашингтондо өткөн жүрүшкө он беш миңге жакын адам катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG