Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Көчкү апаатына байланыштуу Түркия Кыргызстанга көңүл айтты


Көчкү жүргөн айыл.
Көчкү жүргөн айыл.

Өзгөндө 24 адамды басып калган жер көчкү апаатына байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга көңүл айтты. Министрликтин расмий сайтындагы билдирүүдө түрк эли кыргызстандыктардын аза кайгысын бөлүшөрү жазылган.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Топурак алдында калган 24 адамдын үчөөнүн сөөгү табылды.

Издөө иштерине 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган.

Апаатка байланыштуу Кыргызстанда 30-апрель - аза күтүү күнү деп жарыяланган. Президент Алмазбек Атамбаевдин атына Польша, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Армения, Беларус жана Тажикстан мамлекет башчыларынан көңүл айтуу каттары келди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG