Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

ТИМ "Көңүл айтуу китебин" ачты


Көчкү алдында калгандар изделип жатат.
Көчкү алдында калгандар изделип жатат.

Өзгөн районундагы жер көчкү апаатына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде "Көңүл айтуу китебин" ачты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Азербайжан, Беларус, Ооганстан, Казакстан, Иран, Катар, Кытай, Пакистан, Сауд Арабия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина, Франция, АКШ, Жапония, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн элчилери, Британия, Германия, Туркия, Индия мамлекеттеринин элчилеринин орун басарлары, Монголиянын башкы консулу, Бириккен улуттар уюмунун, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Ага-Хан сыяктуу башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көңүл айтуу каттарын жазышты.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринде да уюштурулган "Көңүл айтуу китептери" 3-майга чейин ачык болот.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Топурак алдында калган 24 адамдын үчөөнүн сөөгү табылды.

Издөө иштерине 175 куткаруучу, 100 аскер жана жергиликтүү тургундар, жалпысы 400гө жакын адам тартылган.

30-апрель - аза күтүү күнү деп жарыяланган. Президент Алмазбек Атамбаевдин атына Польша, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Армения, Беларус жана Тажикстан мамлекет башчыларынан көңүл айтуу каттары келди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG