Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:53

Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Батыш менен жакындашуу согуш коркунучун азайтты дегени үчүн президент Хасан Роуханини сындады.

"Биз баарын колго алгандан тарта өлкөнү согуштан сактап калдык" деп айрымдар айтып атышат. Жок. Ал туура эмес", деди аятолла Али Хаменеи 30-апрелде эмгекчилер күнүн утурлаган жолугушуу учурунда.

Роухани 2015-жылы дүйнөлүк алты бакубат өлкө менен түзүлгөн өзөктүк келишимдин ийгилигин жактайт. 30-апрелде аны "улуттук жетишкендик" деп атады. Келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын кыскарткан. Батыш Иранга салган санкцияларынын басымдуусун жойгон.

Аятолла менен президенттин каршылашуусу 19-майда боло турчу президенттик шайлоого жакын күчөдү.

Хаменеи баштаган консерваторлор өзөктүк келишим экономикага оң таасир этпей жатат деп сындап келишет.

Аятолла колдогон динаятчы Ибрахим Раиси жана Тегерандын мэри Мухаммед Бакер Калибаф экинчи мөөнөткө аттанган Роуханинин негизги атаандаштары деп эсептелүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG