Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Навальный өзүнө кол салууга Кремлди айыптады


Навальныйдын көрүүсү дале калыбына келе элек
Навальныйдын көрүүсү дале калыбына келе элек

Орус оппозициячысы Алексей Навальный өзүнө кол салууну уюштурду деп Кремлди айыптады. Бул тууралуу ал 30-апрелде өзүнүн сайтына жазды.

"Кол салууну президенттик администрация уюштурганына бир секунда да күмөн санабайм жана менин ишенимдүүлүгүм фактыларга негизделген" деп жазат Навальный.

Ал качан, кайда барары тууралуу так маалыматты атайын кызмат билген жана кол салган адамдарга берген деп шектенүүдө. Ошондой эле дароо арыз жазылганына карабай кылмыш иши козголо электигине нааразы.

Навальныйга мурдараак Барнаулда да зеленка чачып кетишкен. Бирок анда аз убакыттан кийин эле көрүүсү калыбына келгенин айткан оппозиционер бул ирет күйүктүн кесепети тарабай жатканына даттанууда. Дарыгерлер зеленканын курамында башка да зат болушун болжолдоп жатышканын жазат.

Навальныйга 27-апрелде өзү жетектеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун кеңсесинен чыгып баратканда белгисиз бирөөлөр зеленка чачып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG