Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Аба соккулардан Сирия менен Иракта жүздөгөн жаран курман болду


АКШ башында турган эл аралык коалициянын Сириядагы аскерий аракеттери.
АКШ башында турган эл аралык коалициянын Сириядагы аскерий аракеттери.

2014-жылдан бери Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшкөн эл аралык коалициянын соккусунан бери дегенде 352 жайкын тургун мерт кетти. Бул маалыматтарды 30-апрелде АКШнын аскер мекемеси жарыялады.

Бирок батыш агенттиктери бул көз карандысыз уюмдардын эсебинен кыйла аз экенин белгилешүүдө. Маселен, Airwars байкоочу тобу 3 миңден ашуун жөнөкөй жаран коалициянын авиа соккуларынан жашоо менен кош айтышканын маалымдаган.

Пентагон жарандардын өмүрүн кыюу атайын жасалбаганын билдирип, жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. АКШнын аскер мекемесинин билдирүүсүндө авиарейддер алдында алдын ала сактык чаралары көрүлгөнү, ага карабай соккулар курмандыктарга алып келгени айтылат.

АКШ “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы аскердик-аба соккуларын 2014-жылдын августунда баштаган. Бул учурда куралдуу экстремисттер Ирактагы кеңири аймактарды, анын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Мосул шаарын басып алышкан болчу. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG