Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Жогорку Сот ирактык жарандардын арызын карайт


Уруш болуп жаткан аймактардан качкан ирактык качкындар.
Уруш болуп жаткан аймактардан качкан ирактык качкындар.

"Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот 2-майда карайт. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ош облустук соту 1-мартта Ирак жарандары - 76 жаштагы Бухари Кози Мансурду төрт жарым жылга, Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар жана Данха Домян Анвер Лазарды беш жылдан эркинен ажыраткан. Соттолгондор буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Алар былтыр октябрда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен кармалган. УКМК "жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, натыйжада облустук сот аларды абакка кескен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми Кози Мансур Бухари Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында жатат.

Алардын Германияда жашаган жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, туугандарын бошотуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүнү өтүнүп жатышат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG