Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Кыргыз абагындагы ирак жарандары


"Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ирактык төрт жарандын жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, туугандарын бошотуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүнү өтүнүшөт.

Абактагы чет элдиктердин арасында төрт жарым жылга кесилген 76 жаштагы аял бар. Жакындары анын ден соолугу начарлап кеткенин айтышып, Кыргызстанда жалдаган адвокаты абактан чыгарууну убада кылып, акча алды деп даттанышууда.

76 жаштагы ирактык аял Кози Мансур Бухари былтыр октябрда Германияга кетүү максатында эки жээни менен өздөрү жашаган Дакух шаарынан чыгып кетишкен. Стамбулда Германияга виза жасап берем деген ортомчулар 21 жана 23 жаштагы эки жигитке, байбичеге жана дагы бир 1995-жылы туулган ирактык жаранга Латвиянын паспортун жасап берип, Ош шаарына учурушкан. Алар Ош аркылуу Москвага, андан ары Германияга жетишмек. Москванын Домодедово аэропортунда орус полициясы аларды кармап, кайра Ошко депортациялайт.

Ошто коопсуздук күчтөрү ирактыктарга "жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, натыйжада облустук сот аларды абакка кескен. Азыр ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми Кози Мансур Бухари байбиче Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында отурат.

Уруш болуп жаткан аймактардан качкан ирактык качкындар.
Уруш болуп жаткан аймактардан качкан ирактык качкындар.

Марттын башында Кыргызстанга кайын энесин чыгарып кетүүгө келген күйөө баласы, Германия жараны Рахим Зора биринчи кезекте улгайып калган аялдын саламаттыгына тынчсызданууда. Ал Ирактан качып чыккан жакындары Түркияда Германияга виза берүүнү убада кылган шылуундардын курмандыгына айланганын билдирди:

- Үч баласы тең Германияда. Алар Ирактан Түркияга келгенде бирөөлөр виза менен Германияга кетирүүнү убада кылып, бирок алдап кетиптир. Акчасын алып туруп, жасалма документ берип коюшуптур. Мен биякка келгенде Эл аралык Кызыл чырым уюмуна, министрликке кайрылып, жардам сурадым. Кыргызстан эли колдон келген жардамын берди, бирок чыгара албадык. Оштон Гүлнара деген адвокат биз менен иштеп атат. Ага 4500 евро бергенбиз, бирок ал эч нерсе кылган жок. Мен Кыргызстан элине, өкмөтүнө кайын энемди эртерээк чыгарып алып кеткенге жардам бергиле деп кайрылам. Ал өзү оорукчан, кант диабетинен жабыркайт, кан басымы да улам көтөрүлүп турат, - деген Рахим Зора Кыргызстандын кайсы органына кайрылбасын акча сураганын айтып, көзүнө жаш алды. Акыркы күндөрү түңүлүп, Жалал-Абад шаарындагы чиркөөдө жашап, абактагы кайын энесине тамак-аш ташып жүргөнүн, адвокат Гүлнара Улфанованын мамилесине кабатыр экенин, 5-апрелде "Кылым шамы" укук коргоо кыймылына жардам сурап кайрылганын кошумчалады.

Уюмдун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова чет өлкөлүк жарандар Ошто жабык соттолушканын айтат:

- Эң кызыгы бул жарандар тил билбейт, жалгыз гана өзүнүн арамей тилинде сүйлөйт экен. Кыргызстанда бул тилди билген киши жок. Анткен менен эч кандай котормочусу жок эле соттолуп кетишкен. Мына эки соттун тең чечими менин колумда турат. Буларды коргогон адвокат да улам-улам акча сурай бергенин айтып атышат. "Вестерн юнион" аркылуу 4 миң евродон ашык акча которгону тууралуу чектери колдорунда бар. Андан башка 2 миңди колуна берген экен. Ошону менен баш-аягы 6 миң евродон ашык акча алышкан. Рахим Зора Ошто абакта отургандар менен жолукканда, алар адвокаттын коркутканын айтышкан.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Ал эми адвокат Гүлнара Улфанова чоң суммадагы акча талап кылды деп ирактыктардын айткандарын четке какты. Ал "Азаттык" радиосуна чет элдик жарандардын укугун коргоо боюнча болгон аракетин көрүп жатканын мындайча билдирди:

- Мен алар менен келишим түзгөм. Соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылгам. Чет өлкөлүктөрдүн тили да башкача, кемпир тил билбейт экен. Берки балдар Иракта расмий арап тили болгондуктан, аны билишет экен, алар менен котормочу аркылуу сүйлөшүп аттык. Мен алардан эч нерсе сураганым жок. Мага которгон акчаларынын бүт чектери бар, банк аркылуу алынган. Суммасын ачык эле жарыялайм. 50 миң деп ашыкча айтып атышат. 2400 доллар которушту. Миң долларды Жалал-Абаддагы христиан коомчулугунун өкүлү алып келип берген. Адвокат катары кемпирди камап койгон туура эместигин айта алам. Булар өз эрки менен согуш аймагынан качып, Германиядагы баласына кетип аткан.

- Үч баласы тең Германияда. Алар Ирактан Түркияга келгенде бирөөлөр виза менен Германияга кетирүүнү убада кылып, бирок алдап кетиптир. Акчасын алып туруп, жасалма документ берип коюшуптур. Мен биякка келгенде Эл аралык Кызыл чырым уюмуна, министрликке кайрылып, жардам сурадым. Кыргызстан эли колдон келген жардамын берди, бирок чыгара албадык.

Москвада латыш паспорту менен кармалган ирактыктардын Кыргызстанда соттолушу укуктук суроо жаратууда. Юрист Нурбек Абдалиев чет элдиктерди эркинен ажыратуу менен кыргыз укук коргоо органдары мыйзам бузууга барганын жүйө келтирет. Ал жасалма документтер Кыргызстанга тиешеси жок болгондуктан, мыйзам боюнча ирактыктар Түркияга депортацияланышы керек болчу деп белгилейт:

- Орусия ирактык качкындарды кайра Ошко кетирип туура кылган. Бирок биздин укук коргоо органдары аларды кармап соттогону туура эмес. Орусия бул жакка кетиргендей эле Кыргызстан Түркияга, ал жактан кайра Иракка депортацияланышы керек эле. Бирок Кыргызстан чыгымдарды төлөй албагандыктан экстрадициялай албайт.Эл аралык макулдашуулардын негизинде депортация кылган өлкө жол кире чыгымдарын төлөп бериши керек. Биздин тажрыйбада буга акча төлөнбөйт. Жасалма паспорт Кыргызстанга тиешелүү эмес, андыктан Кыргызстанда аларды жасалма документ колдонду деген айып менен соттогонго негиз жок. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген негизде кылмыш иши козголот, бирок ал иш боюнча көп болсо 2 жыл гана жаза берилүүгө тийиш. Ош шаардык соту айып пул салып, бошотуу тууралуу өкүмдү туура чыгарган. Облустук сот өтө катаал өкүм чыгарып коюптур. Жогорку Сотко кайрылса бул өкүм сөзсүз бузулууга тийиш.

Ирактык жарандардын соттолгонун Ош облустук сотунан да ырасташты. Мекеменин басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов соттолгондор Жогорку Сотко апелляциялык арыз бергенин бышыктады:

- 2017-жылдын 1-мартында Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Ирак жарандары Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар, Данха Домян Анвер Лазар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин экинчи бөлүгү, 350-берененин 6-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, жалпысынан беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Бухари Кози Мансур 346-берененин экинчи, 350-берененин 6-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып 4 жыл алты айга эркинен ажыратылган. Өкүм Жогорку Сотко көзөмөл иретинде даттанылган.

Ирактык жарандар өз мекенинен качып чыкканын айтышканы менен "качкын" макамын ала элек. Кыргызстандагы "Адилет" укуктук клиникасынын качкындар жана жарандыгы жоктордун укугун коргоо доолборунун координатору Тимур Султанов туугандарына жардам берүү үчүн Германиядан келген Рахим Зорага адистердин кеңеши берилгенин "Азаттык" радиосуна маалымдады:

- Абакта отургандар арыз менен бизге кайрылган эмес. Биз жардам бере албайбыз деп айта албайбыз. Рохим Зора келип маалымат алды. Кимге кайрылыш керек деген суроо көтөрүлгөндө, биз так маалымат бердик. Камакта отургандар мыйзам чегинде Миграция кызматына өз арызы менен кайрылууга тийиш. Кандай документтер керектигин, канча убакытта караларын, кандай укуктары бардыгын түшүндүрүп бердик. Өз милдетибизге жараша кеңеш берилди. Азыр аларды "качкын" деп айта албайбыз. Анткени, Миграция кызматына арыз менен кайрылышкан жок.

Ош облустук соту төрт жарым жылга абакка кесип, Жалал-Абадда жазасын өтөп жаткан ирактык байбиченин Германияда жашаган кызы президент Алмазбек Атамбаевге да кайрылуу жиберген.

6-мартта Ирактын Астанадагы элчилиги Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, соттолгон жарандарына, өзгөчө улгайган аялдын саламаттыгына кабатырлануусун билдирген, анын жашын жана алардын өлкө чек арасынан мыйзамсыз өтүү ниети болбогонун эске алуу менен абактан бошотууну суранган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG