Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

"ИМ" террордук тобу туткундаган 36 езид куткарылды


Ирактага езид качкындары.
Ирактага езид качкындары.

28-апрелде "Ислам мамлекети" террордук тобунун туткунунан 36 езид куткарылды. Бул тууралуу Улуттар Уюму маалымдады. Уюмдун гуманитардык жардам боюнча координатору Лиза Гранде кулчулуктан куткарылган кыз-келиндерге кийим-кече таркатылып, Мосул шаарынын түндүгүндөгү Духок шаарында тиешелүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

2014-жылы Ирактын түндүк-батышындагы Синжар шаарын "Ислам мамлекети" радикал уюму ээлеп алганда езид азчылыгынын миңдеген кыз-келиндери уурдалып, террордук уюмдун согушкерлеринин зордук-зомбулугу менен кыйноосуна кабылышканы маалымдалган.

Туткундалган беш миңдей езиддин арасынан эки миңге чукулу гана качууга үлгүргөнү айтылган. Учурда 3500дөй езид террорчулардын туткунунда кала берүүдө.

Езид этникалык азчылыгынын диний ишеними христианчылыктын, зороастризмдин жана исламдын элементтерин камтыйт. Ошондуктан “Ислам мамлекети” радикал уюму езиддерди "шайтанга сыйынуучулар" деп жарыялаган.

2014-жылга чейин Иракта 720 миң езид бар деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG