Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:51

Сириянын Табка шаарында АКШ аба күчтөрүнүн колдоосу менен күрт-араб козголоңчулары "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна каршы соңку кармашта ийгиликке жетишти. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укугу боюнча обсерватория маалымдады. Уюм кабарлагандай "Сириянын демократиялык күчтөрү" деген аталыштагы күрт-араб козголоңчуларынан турган альянс 30-апрелде Табка шаарынын 70 пайызын экстремисттерден тазалашты.

"Эски шаарды Сириянын демократиялык күчтөрү толук өз көзөмөлүнө алышты, ал эми калаанын "жаңы" бөлүгүнүн дарбазасында айыгышкан салгылашуу уланууда",-деди обсерваториянын башчысы Рами Абдел Рахман.

Маалыматтарга караганда ушул тапта козголоңчулар АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен Евфрат дарыясынын жээгинде жайгашкан Табка шаарын курчап турушат.

Табка шаары "Ислам мамлекети" радикал уюмунун согушкерлери өздөрүнүн борбору катары жарыялап алган Ракка калаасынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан. Табкада 85 миңдей жайкын тургун бар.

Сириядагы 2011-жылдан бери уланып келаткан согуш 300 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG