Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Өзгөн: көчкүдөн жабыркаган жети киши ооруканада


Өзгөн.
Өзгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Өзгөн районунун Аюу айылында невропатолог, травматолог, хирург, педиатр, терапевт, акушер-гинекологдон турган дарыгерлер тобу иштеп жатат. Ошондой эле психологдор жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.

Айылда мобилдик клиника ачылды. Өзгөн райондук аймактык ооруканасында көчкү алдында калгандардын туугандары, жалпы жети киши жатат. Алардын ичинен бир адам реанимацияда, абалы орточо оор, калгандары туруктуу абалда.

29-апрелде Аюу айылында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып, 24 жаран анын алдында калган. Кечээ үч адамдын сөөгү табылган, издөө иштери уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG