Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Италия: Ренци кайрадан Демократиялык партиянын лидери


Италиянын мурдагы премьер-министри Маттео Ренци.
Италиянын мурдагы премьер-министри Маттео Ренци.

Италиянын мурдагы премьер-министри Маттео Ренци бийликтеги, борборчул Демократиялык партиянын лидерлигине кайрадан шайланды. Бул тууралуу Ренци өзү жана анын атаандаштары, юстиция министри Андреа Орланда жана Апулия провинциясынын башчысы Мишел Эмильяно билдирди.

Добуш берүүгө партиянын эки миллиондой мүчөсү катышкан.

Расмий жыйынтыктар азырынча жарыялана элек. Сурамжылоолордон белгилүү болгондой, Ренцини праймеризге катышкандардын 75 пайызы колдогон. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду көпчүлүк колдобой койгондо, 42 жаштагы Ренци өткөн жылдын декабрь айында кызматтан кеткен. Андан кийин өкмөт башчылыгына Паоло Жентильони келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG