Орусиянын "Аэрофлот" компаниясына караштуу Москва-Бангкок каттамындагы учак Тайланддын башкалаасына коноорго 40 мүнөт калганда катуу турбуленттүүлүккө кабылып, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн 27си ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты.
Алардын 24ү Орусиянын, үчөө Тайланддын жарандары. Бул тууралуу Тайланддагы Орусиянын элчилиги маалымдады. Мекеме тараткан билдирүүдө жабыркагандардын дене-баштары көгөрүп, айрымдардын колу-буттары сынып кеткен. 15 киши Бангкоктун ооруканаларына жаткырылды.
Компаниядан кабарлашкандай, жаракат алгандардын көбү коопсуздук курун учурунда тагынбай коюшкан.
"Аэрофлорт" компаниясы Москва-Бангкок багытында күнүнө эки жолу каттайт. Өткөн жылы бир миллиондон ашык орусиялык Тайландда эс алган.
Facebook шеринеси