Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:05

Макрон: Евробиримдикти реформалабаса "Фрексит" күтүлөт


Франциянын президенттигине талапкер Эммануэл Макрон.

Франциянын президенттигине талапкер Эммануэл Макрон Евробиримдик реформаланышы керектигин, болбосо шаркетти "Фрексит" күтөрүн белгиледи.

Борборчул Макрон бул тууралуу Би-Би-Сиге 1-майда курган маегинде айтты. Макрон "Европанын бирдиктүү саясаты" Франция үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, ошону менен катар Евробиримдиктин функционалдуу болбой жатканы француздардын кыжырын келтирип жатканын кошумчалады.

7-майда өтө турган добуш берүүнүн экинчи айлампасында президентикке 39 жаштагы Эммануэл Макрон менен ашынган оңчул Марин Ле Пен ат салышат.

48 жаштагы Ле Пен мигранттарга каршы позициясы менен белгилүү жана жеңсе өлкөнү Европа биримдигинен чыгарууга убада кылып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG