Бишкекте жаштардын ыктыярчылар тобу акын Алыкул Осмоновдун үй-музейин оңдоп-түзөөгө киришти. Бул тууралуу демилгечилердин бири, кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттер кеңешинин төрагасы Залкар Аманов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Бул саамалык "Алыкул-ашар" деп аталат.
- Үй-музейдин абалы жөнүндө интернеттен окуп, студенттик кеңештердин, жаштар уюмдарынын активисттери апрелдин башында чогулдук жана аны оңдоого макулдаштык. Биздин эсеп боюнча 350 миң сом керек. Ондон ашуун ишкерлерге, колунда бар кишилерге жардам сурап кайрылдык. "Эрмак Строй" компаниясынан оң жооп алдык. Жардам бермей болду, - дейт Аманов.
Жаштар каржы табуу максатында май айынын этегинде кайрымдуулук концертин өткөрүшөт. Ошондой эле "Элсомдон" да акча топтоп жатышат. Каалоочулар үчүн эсеп номуру: 0771 93-96-92.
Алыкул Осмонов бул үйдү 1945-жылы сатып алып, өмүрүнүн аягына чейин жашаган. Эгемендик жылдарында үй музейге айландырылган. Ал жерде акындын кол жазмалары, китептери, сүрөттөрү, буюмдары сакталат. (SE)
Залкар Аманов менен маекти бул жерден угуңуз: