Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:53

Тони Блэр саясатка кайтып келгенин жарыялады

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр.
Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Брекситке каршы күрөшүү үчүн саясатка кайтып келгенин жарыялады. Ошол эле маалда ал 8-июнда өтө турган парламенттик шайлоого катышпастыгын белгиледи.

1997-2007-жылдары Британиянын премьер-министри болуп турган Тони Блэр башынан эле падышачылыктын Евробиримдиктен чыгышына каршы болгон.

"Брексит мага саясатка активдүү киришүүгө түрткү болду. Мен тарыхый учурда окуяларга сырттан көз салып тургум келбейт",-деди ал Daily Mirror гезитине 1-майда курган маегинде.

Британдыктардын 54% өткөн жылдын 23-июнунда болгон референдумда Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берген.

XS
SM
MD
LG