Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Британия чукул шайлоого бет алды


Британ премьер-министри Тереза Мэй
Британ премьер-министри Тереза Мэй

Британ премьер-министри Тереза Мэй 8-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү планын жарыялады. Ал мындай күтүүсүз чечимге Брексит маселеси боюнча парламентте жаралган ажырым себеп болгонун айтты.

Тереза Мэй жети жумадан кийин парламенттин төмөнкү палатасы үчүн чукул шайлоо өтөөрүн күтүүсүз жарыялап, британ саясатчыларынын шаштысын кетирди. Анын айтымында, бул чечимди өкмөттүн бардык мүчөлөрү колдоду. Эгер 19-апрелде консерваторлор басымдуулук кылган парламент да макулдугун берсе, британ эли 8-июнда жаңы депутаттарды шайлайт.

Бул шайлоо Бириккен Королдукту Евробиримдиктен ажыраткан Брексит референдумунан дээрлик бир жылдан кийин, азыркы депутаттардын мөөнөтү аяктаарына дагы үч жыл калганда өткөнү турат.

Кызматка киришкенине тогуз ай болгон Тереза Мэй 2020-жылга чейин мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбойт деп ишендирип келген. Бирок ал алдыңкы жылдары өлкөдөгү аныктыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бул оюн өзгөртүүгө аргасыз болгонун, буга парламенттеги ажырым себеп экенин айтты:

"Улут үчүн өтө маанилүү мезгилде Вестминстерде [Британ парламентинде] биримдик болушу керек. Азыр, тескерисинче, ажырым бар. Өлкө биригип жатат, Вестминстер анткен жок. Соңку апталарда Лейбористтер партиясы Евробиримдик менен жетишиле турган акыркы келишимге каршы добуш беребиз деп коркутту. Либерал-демократтар өкмөттүн ишин туңгуюкка кептегиси келет. Шотландиянын улуттук партиясы Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгүн расмий артка чакырган мыйзамга каршы добуш беребиз дешти. Лорддор палатасынын шайланбаган мүчөлөрү ар бир кадамыбызга каршы күрөшүүгө убада беришти".

Европа Биримдигинде калууну колдогон тараптардын Лондондогу акциясынан бир көрүнүш, 2-июль 2016-жыл.
Европа Биримдигинде калууну колдогон тараптардын Лондондогу акциясынан бир көрүнүш, 2-июль 2016-жыл.

Мындан улам Тереза Мэй Брексит маселесин чечүү үчүн шайлоо аркылуу элден колдоо сурап жатканын ишара кылды.

Британиянын азыркы парламенти 2015-жылдын май айында шайланып келген. Анда Дэвид Кэмерон башында турган Консерваторлор партиясы жалпы 650 мандаттын 331ин алып, парламентте көпчүлүккө ээ болгон. Лейбористтер менен Либерал-демократтар партиялары катуу сокку жеп, ар бири 40тан ашык мандатынан ажыраган. Шотландиянын улуттук партиясы 2010-жылга салыштырмалуу көбүрөөк добуш топтогон.

Эки жыл мурдагы шайлоо өнөктүгүндө консерваторлордун ошол учурдагы лидери Дэвид Кэмерон Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгүн референдумга коюуга убада берген. Бирок бул референдумда добуш берүүчүлөр биримдиктен чыгууну колдоп, анда калууну жактаган Камерон кызматтан чегинүүгө аргасыз болгон. Консерваторлор анын ордуна ошол учурдагы ички иштер министри Тереза Мэйди өкмөт башчы кылып тандашкан.

Оппозициячыл саясатчылар Мэйдин кызматка кокустан келип калганын айтышып, аны Брексит сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө укугу жок деп сындашканы бар.

Дэвид Кэмерон кызматын тапшыргандан кийин, 13-июль 2016-жыл.
Дэвид Кэмерон кызматын тапшыргандан кийин, 13-июль 2016-жыл.

Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтсө, азыркы өкмөттү кетирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт деп белгиледи:

"Маселени британ элинин таразасына коюуга жана азыркы өкмөткө, анын ийгиликсиз экономикалык планына каршы турууга берилген бул мүмкүнчүлүктү кубаттайм. Өкмөттүн экономикалык планынан улам саламаттыкты сактоо тармагы көйгөйгө кабылды, мектептер толук каржыланбай калды, көп эл бүдөмүк абалга туш болду. Биз британ элине бардыгына кам көргөн экономиканы, бардыгы үчүн иштеген Брекситти сунуштайбыз".

Би-Би-Синин сурамжылоосу Тереза Мэй жетектеген Консерваторлор партиясын учурда калктын 43 пайызы колдоорун көрсөтүүдө. Лейбористтер 25%, Евробиримдиктен бөлүнүүнү жактаган UKIP партиясы 11%, либерал-демократтар 10%, Шотландиянын улуттук партиясы 5%, Жашылдар партиясы 4% колдоого ээ болууда.

Шотландиянын биринчи министри Никола Стержен Тереза Мэйди оппозиция алсыз болуп турган учурду атайын тандады деп айыптады:

"Премьер-министрдин бүгүнкү билдирүүсү өлкөнүн кызыкчылыгы эмес, өз партиясынын тар кызыкчылыгы жөнүндө экени бышык. Ал Лейбористтердин ичиндеги башаламандыкты өзүнүн бардык каршылаштарын кыйратуунун, өзү менен макул болбогон тараптарды жок кылуунун жолу катары көрөт. Ал өлкөнү ашкере-оңчул тарапка жылдыруу үчүн өзүнө арык чапкысы келет. Бул - катаал Брексит дегенди гана эмес, кыскартуулар болот дегенди билдирет. Эми Шотландиянын үнүн угузууга жана шотландиялыктар үчүн өздөрү эңсеген өлкөнүн кызыкчылыгын алга сүрөөгө мезгил келди. Мен алдыңкы апталарда ушул багыттагы өнөктүктү жүргүзөм".

Британ парламенттин төмөнкү палатасы
Британ парламенттин төмөнкү палатасы

2016-жылдын 23-июнундагы тарыхый референдумда британ шайлоочулардын дээрлик 52 пайызы Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон. Бирок Шотландия калкынын басымдуу бөлүгү же 62 пайызы уюмдан чыгууга каршы добуш берген. Аймактын биринчи министри Никола Стержен референдумдун жыйынтыгына таянып, Брексит сүйлөшүүлөрүндө Шотландиянын кызыкчылыктары эске алынбаса, кайрадан көз карандысыздык боюнча референдум өткөрөрүн жарыялаган.

Британ коомунда эки анжы пикирлерге жол ачкан Брексит референдумдан кийин өкмөт 29-мартта Евробиримдиктен чыгарын расмий кабарлады. Дээрлик 44 жылдык мүчөлүктөн кийинки Улуу Британиянын уюмдан "ажырашуу жараяны" эки жылга созулмакчы. Ал сүйлөшүүдө Британиянын Евробиримдиктин бирдиктүү рыногундагы ролу, Европадагы британ жарандарынын, Британиядагы Европа жарандарынын келечектеги макамы аныкталат.

Артка жол жок экенин айткан британ премьер-министри Тереза Мэй өзү жарыялаган чукул шайлоону жеңип, Брексит сүйлөшүүлөрүн ишенимдүү жүргүзүүнү көздөп турат. Бирок аналитиктер ар бир шайлоодо тобокелчилик бар экенин эске салышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG