Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

БУУнун өкүлү Түркиядагы соңку камоолорду сынга алды


Улуттар Уюмунун Адам укуктарын коргоо департаментинин башчысы Зейд Раад Ал-Хусейн.

Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоо боюнча башкы комиссары Түркиядагы соңку жапырт камоолорду жана миңдеген кишинин кызматтан алынышын кескин сынга алды.

Өткөн аптада Түркиянын өкмөтү 3900 мамлекеттик кызматкерди иштен алган. Миңдей киши камакка алынган. Алар өткөн жылдын жай айында болгон Түркиянын бийлигин төңкөрүү аракетине катыштыгы бар деп шектелүүдө.

"Ушунча көп сандагы адамдарды камоо жана иштен алуу аныкталган нормаларга жатпайт"-деди 1-майда Женевада курган маалымат жыйында Улуттар Уюмунун Адам укуктарын коргоо департаментинин башчысы Зейд Раад Ал-Хусейн.

Түркия өкмөтү 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп ишенет. Гүлен жана анын жактоочулар бийликтин бул айыптоолорун четке кагып келет.

Соңку камоолор Түркияда президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдан эки апта өткөндөн кийин уюштурулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG