Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак-Соң-Көл жолунун 33-чакырымында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун 325-334-339-341-чакырымдары, Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк тарабы жана 339-341-чакырымдарыда артиллерия менен кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Кечээ адистер Тогуз-Торо районунан чыгып, Нарын шаарындагы аскер бөлүгүнө жайгашкан.
Бүгүн Кочкор-Төлөк-Соң-Көл жолунун 33-чакырымында кар көчкү атуу иштери башталды. (NT)