Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Камактагы ирактыктар боюнча сот өкүмү жокко чыкты


Жогорку Сот Кыргызстанда камакта жаткан ирактык төрт жарандын ишин карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберди. Аны башка соттук коллегия карай турган болду.

Ирактын төрт жараны "жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен Кыргызстанда камакта жатат, бири 76 жаштагы аял.

Алар былтыр октябрда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен кармалган. УКМК "жасалма документ менен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" деген негизде кылмыш ишин козгоп, алгач Ош шаардык соту чет элдиктерге 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар арызданып, натыйжада облустук сот аларды абакка кескен. Ирактыктар буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG