Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

ЖК комитети “Семетей" мейманканасы боюнча баш прокурорго кайрылат


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Семетей” мейманканасынын мурдагы жетекчилерин текшерүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу комитет төрагасы, депутат Аскарбек Шадиев билдирди.

Аталган комитет “Семетей” мейманканасын мүлк комплексине өткөрүп берүү маселесин талкуулады. Анда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мирбек Касымкулов мейманкана 2016-жылы 53 миң сом гана киреше тапканын билдирди. Эл өкүлдөрү дээрлик 4400 чарчы метр мейманкананын кирешеси аз экенин айтып, нааразы болушту.

“Семетей” аскерий кызматташтык боюнча делегацияны жана аймактардан Бишкекке келген аскерий кызматкерлерди кабыл алууга багытталган мейманкана. Мындан сырткары аскерий аракеттер учурунда бул жерде кошумча штаб түзүлөт. (КЕ/UEz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG