1-майда венгриялыктар өлкөдө Орусиянын таасири өстү дешип, ага каршы нааразылыкка чыгышты. “Москвага эмес, Европага” деп чакырык таштаган митингчилердин саны 10 миңден кем болгон жок деди уюштуруучулардын бири "Моментум" кыймылы.
Моментумдун лидери Андраш Фекете-Дьер бул үчүн премьер-министр Виктор Орбанды айыптады.
- Ал бакубат, заманбап жана эркин Европанын ордуна жакыр жана өнүкпөгөн Орусияны өлкөгө үлгү катары көрсөткөнүнө каршыбыз. Биздин максатыбыз 21-кылымда, Европада эмгекчил жана тилектеш заманбап коомду куруу деген тилектен кем эмес, - деди Фекете-Дьер.
Акция америкалык финансист Жорж Сорос негиздеген Венгриядагы алдыңкы университеттин жабылышына каршы демонстрациялар учурунда өтүүдө. Нааразылар окуу жай Орусия шыктандырган мыйзамдын негизинде өлкөдөн чыгарылууда дешет.
Мурда Москваны сындап жүргөн Виктор Орбан 2010-жылы кайра бийликке келгенден кийин позициясын өзгөрткөн. Ал Орусия менен Түркияны ийгиликтүү деп мисал кылып, Венгрияны «либерал эмес өлкөгө» айлантууга чакырган.