Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

“Кентавр” тасмасы Бельгияда өткөн фестивалда баш байге алды


"Кентавр" кинофильминин автору Актан Арым Кубат.

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы Бельгияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байге үчүн берилчү "Канвас" сыйлыгын утуп алды. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди. Сыйлык тасманын Бельгия, Нидерланд жана Люксембургда көрсөтүлүүсүнө жол ачат.

Фестиваль 18-30-апрель күндөрү Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында өткөн.

“Ат адамдын канаты” деп башталган тасмада Камбарата тукуму кырылып баратат деп, жылкылардын союлушуна каршы чыгып, күлүк аттарды уурдай качкан, кудайын издеген айылдык Кентавр аттуу адамдын жашоосу баяндалат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG