Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталууда


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап, тиешелүү комитетке кайрылды.

Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранова ырастады. Маалыматка караганда, Өмүркулов президенттик шайлоону 19-ноябрда эмес 15-октябрда өткөрүү ылайыктуу экенин белгилеген. Эл өкүлү шайлоо эки тур менен өтүп калса, жаңы жыл майрамдарына туш келип каларын кошумчалаган.

Буга чейин оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга таянып, өлкө башчысын шайлоону август айында өткөрүүнү сунуштап чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы буга "Президентти шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын талаптарына таянып түшүндүрмө берип, шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керектигин айткан.

Жогорку Кеңеште бүгүн шайлоолорго арналган парламенттик угуу болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG