Кытай ишембиде Чжухай шаарында дүйнөдөгү ири амфибия-учагын ийгиликтүү сынады. Ал күнү учактын тормоздук жана кыймылдын траекториясын корректировкалоо системасы сындан өттү. Ошондой эле аны 180 градуска буруп да көрүштү.
AG 600 учагы өрт өчүрүү жана суудагы куткаруу иштери үчүн жасалган. Бортуна 20 секундда 12 тонна суу жүктөй алат. 53,5 тонна максималдуу учуу салмагы менен 4,5 миң чакырым уча алары эсептелген.
Лайнер ушул айда алгач ирет абага чыгып, кийинчерээк суу үстүндө сыналмакчы. Кытай бийлиги сегиз жыл бою курган учагын Түштүк-Кытай деңизиндеги кызыкчылыктары үчүн да колдонорун билдирүүдө.