Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:38

Москвада кыргызстандыктын сөөгү таштандыдан табылды деген маалымат иликтенүүдө


Москва

Москва полициясы Кыргызстандын жаранынын дене бөлүктөрү таштандыга ыргытылган деген маалыматты иликтей баштаганын маалымдады.

Андан бир нече саат мурда, 2-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги окуя боюнча кенен маалымат сурап полициянын Москва шаардык башкармалыгы менен Тергөө комитетине кайрылганын билдирген.

Полиция адамдын дене бөлүктөрү 24-апрелде Москвадагы үйлөрдүн биринин жанындагы таштанды чакасынан табылган, алар соттук-медициналык экспертизадан соң ыргытылышы мүмкүн деп жатат. Эгер андай болгону аныкталса тиешелүү кызматкерлер дисциплинардык жоопко тартыларын борбордук полициянын басма сөз кызматкери билдирген.

1-майда орусиялык маалымат каражаттары табылган бир нече сөөктөр, теринин, чачтын калдыктары январдагы автокырсыкта өлгөн кыргызстандык төрт кишиге таандык болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG