Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Көчкү алдында калган дагы бир адамдын сөөгү табылды


Издөө иштерин жүргүзүп жаткандар.
Издөө иштерин жүргүзүп жаткандар.

Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү басып калган дагы бир адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2-майда кечке жуук топурак алдынан чыккан сөөктүн тек-жайы аныкталып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Алардын үчөөнүн сөөгү 30-апрелде табылган.

Топурактын көлөмү чоң болуп, издөө иштеринде кыйынчылык жаралгандыктан Аалымдар кеңеши кырсык болгон жерди мүрзөгө айлантып, казуу иштерин токтотуу боюнча фатва чыгарган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо издөө иштери уланып жатканын маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG