Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү басып калган бешинчи адам табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы сөөк 2-майда кечке жуук топурак астынан чыгарылганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Бир аз мурда дагы бир сөөк табылган эле.
29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Алардын үчөөнүн сөөгү 30-апрелде табылган.
Издөө иштеринде кыйынчылык жаралгандыктан Аалымдар кеңеши кырсык болгон жерди мүрзөгө айлантып, казуу иштерин токтотуу боюнча фатва чыгарган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштери уланып жатканын маалымдады. (SE)