Кыргызстандын Балыкчы жана Токмок шаарларына Түркиядагы "Инсан жардам коому" үч мечит курат. Анын экөө 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетинде мерт кеткендерге арналат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган коомдун өкүлү Руслан Айвазов билдирди. Курулуш иштерин толугу менен коом каржылайт.
Мечиттердин курулушу боюнча жергиликтүү шаардык кеңештер менен макулдашкандан кийин, 1-майда пайдубалын тургузуу башталган. Мечиттер жыл аягында бүтөт деп пландалган.
2016-жылы 15-июлда Түркияда төңкөрүш аракети жасалып, бир канча адам набыт болгон, 1 535 киши жаракат алган. (ElB)