Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Навальный: Оң көзүмдүн көрүүсү 80% начарлады


Алексей Навальный, суюктук чачып кетишкенден кийин.
Алексей Навальный, суюктук чачып кетишкенден кийин.

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйга жасалган чабуулдан улам анын оң көзү 80 пайыз начар көрүп жатат. Бул тууралуу оппозиционер 2-майда билдирди. Өзүнүн блогунда ал көзүнө чачылган зеленкага кандайдыр зыяндуу суюктук кошулган деп күмөн санап жатканын дагы бир жолу белгиледи. Ал дарыланууга чет элге барышы керектигин, бирок Федералдык миграциялык кызмат ага жалпы жарандык паспортту бербей жатканын билдирди. Мунун чоо-жайын аталган кызмат азырынча түшүндүрө элек.

Алексей Навальный 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого ат салышарын жарыялап, өлкөнүн 26 жеринде шайлоо штабын ачкан. 27-апрель күнү өзүнүн кеңсесинен чыгып баратканда белгисиз адам анын көзүнө зеленка чачып кеткен.

XS
SM
MD
LG