Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Өзгөн: Жалпак-Ташта көчкү баскан үйлөр көбөйдү


Жалпак-Таш айылы.
Жалпак-Таш айылы.

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы көчкү басып калган үйлөр 19га жетти. Буга чейин он алты үй топурак алдында калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-майда аталган айыл аймакка караштуу Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып 340 метрге чейин сүрүлгөн.

Кооптуу аймактагы 60 үйдүн жашоочулары көчүрүлүп, убактылуу тигилген чатырларда жашап жатышат. Жалпы 5 орундуу 61 чатырга электр зымдары тартылган. Чатырлардын бирине ФАП жайгашкан. Эл аралык Кызыл жарым ай коому гуманитардык жардам катары ашкана жана жамынгыч, төшөнчүлөрдү таратты.

Жалпак-Таштагы опурталдуу аймакта жалпы 61 турак жай жайгашкан. Андан тышкары мектеп, бала бакча, ФАП жана мечитке да коркунуч жаралган. Шор-Суу аттуу сайды көчкү бөгөп, ал жерде суу топтолууда. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG