Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:54

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Бишкекте автоунаа коюп кетип, Балдардын тез жардам ооруканасында жаткан окуучулардын бири Алимбек Сыранов бүгүн реанимациядан чыгарылды. Нейротравма бөлүмүнө палатага которулду. Ал комадан чыккан, сүйлөөгө жарап калды. Машине сүзүп кеткен экинчи окуучу Эрбол Мамажанов да ушул бөлүмдө дарыланып жатат. Эки баланын тең абалы орто, туруктуу.

Алар Бишкектеги №74 мектептин 3-классында окуйт. Экөөн тең 21-апрелде Бакаев көчөсүндө жөө адам өтүүчү тилкеден машине сүзүп кетип, оор абалда бейтапканага жеткирилген. Машиненин айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган.

22-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Кырсыктын чоо-жайын райондук милиция бөлүмү иликтеп жатканы кабарланды. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG