Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Кыргыз-тажик чегинде 7 баллга жеткен жер титирөө катталды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алган:

- Жер титирөө бүгүн саат 10:47де болду. Күчү очогунда 6-7 баллга жетти. Исфара, Ош, Баткенде 3-4 балл сезилди, Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалды. Андан ашкан жок.

Кыйроолор, адам өмүрүнө зыян келгени боюнча маалыматтар жок.

2-майда кечки саат 19:25те Ош облусунда да күчү очогунда 3 баллды түзгөн жер титирөө катталган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG