Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Путин менен Эрдоган жолугат


Путин менен Эрдоган Москвада жолуккан учур. 10-март, 2017-жыл.
Путин менен Эрдоган Москвада жолуккан учур. 10-март, 2017-жыл.

Түркия жана Орусия президенттеринин жолугушуусу бүгүн Сочиде өтөрү күтүлүүдө. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Интерфакс" агенттигине билдиргендей, анын жүрүшүндө "сөссүз Сирия маселеси да талкууланмакчы".

Эрдоган өзү Сочиге жөнөп жатып, Сирия кризисинин саясий жол менен жөнгөрүлүшү эки өлкөнүн тең бирдей максаты экенин белгиледи. Сириянын жарандык согушунда Анкара менен Москва каршылашкан тараптарды колдоп келүүдө.

Орусия жана ага катар Иран да президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия Асадды бийликтен кулатууну көздөгөн оппозициячыл топторду колдойт.

Бул үч өлкө Сирия боюнча Казакстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да ортомчулук кылууда.

Казак тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы бүгүн башталуусу керек. Ага Сирия өкмөтүнүн, оппозициясынын өкүлдөрү жана БУУнун атайын чабарманы Стефан де Мистуранын да катышуусу мерчемделген.

Путин менен Эрдоган Сочиде эки өлкөнүн соода алакаларын да талкууламакчы. 2015-жылы күздө Түркия Сирия менен чек арасында Орусиянын аскерий учагын атып түшүрүп, мамилелери бузулгандан кийин эки тарап бири-бирине каршы соода чектөөлөрүн да киргизишкен.

Эрдоган Сочиге жөнөп жатып билдиргендей, ал Орусиянын экономикалык санкциялары толук жана тез жоюлушун көздөп турат. (UE)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG