Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Күч түзүмдөрүндө иштеген «баатыр энелердин» пенсиясын көбөйтүү сунушталды


Аскер кызматында жана укук коргоо органдарында иштеген «баатыр энелердин» пенсиясына 1000 сом кошуу сунушу парламенттин бүгүнкү жыйынында талкууланды.

“Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Анда күч түзүмдөрүндө иштеп жүрүп, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган аялдардын пенсиясын жогорулатуу сунушу жазылган.

Өткөн жылы президент Кыргызстандагы көп балалуу 1902 аялга «Баатыр эне» жана 437 аялга «Эне даңкы» медалын ыйгарган. 2015-жылы 3 654 аял “Баатыр эне” орденин, 578и “Эне даңкы” медалын алган.

Орден жыл сайын "Энелер күнүндө" жети баладан көп төрөгөн энелерге тапшырылат. Аларга медициналык жактан жеңилдиктер жана ай сайын миң сомдон пенсия каралган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG