Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Түндүк Корея америкалык илимпоз камалганын ырастады


Пхеньяндагы аскерий парад. 15-апрель, 2017-жыл.
Пхеньяндагы аскерий парад. 15-апрель, 2017-жыл.

АКШнын Пхеньянда студенттерге сабак өтүп жүргөн жараны өткөн айда камакка алынганын Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы ырастады.

Өкмөттүк KCNA жаңылыктар агенттиги билдиргендей, Ким Санг Дук же Тони Ким быйыл 22-апрелде "Корей Элдик-Демократиялык Республикасын кулатууну көздөгөн кылмыштуу жана душманчыл аракеттерди жасаганы үчүн" камакка алынды.

Пхеньяндагы Илим жана технология университетинин проректору Парк Чан Монун айтымында, 58 жаштагы Тони Ким аэропорттон кетээр алдында камалган.

Ал аталган университетте бир ай бою бухгалтердик эсептен сабак берген болчу.

Бийликтер илимпозго камалышы университеттеги ишине эч тиешеси жоктугун айтышып, бирок башка маалымат беришкен эмес.

Түндүк Кореяда АКШ жаранынын камакка алынышынан кабары бардыгын өткөн айда Мамлекеттик департамент да билдирип, бирок "конфиденциалдуулукка" байланыштуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул окуя Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасынан улам Вашингтон менен Пхеньяндын мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Илимпоз Тони Кимге чейин Түндүк Кореянын камагында АКШнын кеминде эки жараны отурган. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG