Ошто террорчулукка каршы акция өттү
3-майда Ош шаарында миңге чукул адам террорчулукка каршы жөө жүрүшкө чыкты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акциянын катышуучулары шаардагы өздөрү жашаган көчөлөрдөн чогулуп, башкы аянтка чейин басышты. Ал жерде террорчулуктун кесепеттери тууралуу баяндар жасалды. Жөө жүрүштү Ош шаарындагы аймактык кеңештер уюштурган. Ага мэриянын, социалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, студенттер, жаштар катышты.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"