Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Адвокаттардын сабалышын прокуратура териштирет


Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция Оштогу адвокаттардын сабалышы боюнча атайын кызматтарга кайрылды. Бул тууралуу коалиция өкүлү Сардар Багышбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Прокуратура органдарынан кандайдыр бир кадамдар жасалышы керек деп билдирүү жасаганбыз. Окуя Ош сотунун имаратында болуп жатат. Ошол маалда соттор, прокурорлор чара көрүшкөн эмес. Же адвокаттарды коркутуп койсо алар баш тартат деген максатта жасап жатышабы? Бул ишти булар болбосо, башка адвокаттар сөзсүз алып барат. Кыйноо фактылары боюнча иштеген нерсе муну менен токтоп калбайт.

28-апрелде Ош шаардык сотунун имаратында милицияны өлтүрүүгө шектелген Наргиза Ражапованын эки адвокаты Мухаё Абдураупова менен Айсалкын Карабаева сабалган. Адвокат Мухаё Абдураупова тепкиден ичи түйүлүп, сынык-жарат бөлүмүнө, Айсалкан Карабаева мээ хирургия бөлүмүндө жардам алышкан. Коалициянын бүгүн тарткан билдирүүсүндө сот жараяны одоно мыйзам бузуулар менен коштолгону, адвокаттарды жабыр тарткан тараптын жакындары же колдогондор сабаганы айтылат.

Адвокаттардын сабалышы боюнча арызды Ош шаардык прокуратурасы кабыл алганын Башкы прокуратурадан тастыктады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG