Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жер көчкү жүргөн айрым айылдарды 11 күн жарыксыз калтырган райондук электр станциясынын башчысын кызматтан алууну талап кылды.
Бул тууралуу өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча Ошто өткөргөн жыйынында айтты. Ал көчкү жүргөн айылга жарык берүүнү тез арада калыбына келтирбеген кызматкердин ишин сындады.
Кыргызстанда быйыл жаан-чачын көп жааганына байланыштуу жер көчкү байма-бай кайталанууда. 29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылындагы көчкү 24 адамды басып калды.
Жер көчкү активдешкен Ош жана Жалал-Абад облусунун айрым айылдарында ондогон үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн. (КЕ/YI)