Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Бишкек шаардык соту Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт


Текебаевди бошотууну талап кылган митинг. Бишкек шаары, 9-март, 2017-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт. Адвокаттар отурум саат 9:30да башталарын "Азаттык" радиосуна билдиришти.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын темир тор артындагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Текебаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыбы угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгарылгандай чечим кабыл алган.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG